Air India күйүүчү майдын кымбатташынан улам каттамдарын кыскартты

Дүйнө Загрузка... 14 Май 2026 09:00
064e5aa6-ce8a-4998-b12c-76e4454e2b97.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Индиянын улуттук авиакомпаниясы Air India август айына чейин бир катар каттамдарды токтотту. Бул тууралуу The Times of India билдиргенин Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кабыл алууга күйүүчү майдын баасынын жогорулашы себеп болду.

Авиакомпания жалпысынан 29 эл аралык багытка каттамдарды кыскартты.

"Өзгөртүүлөр бир нече аймактарда аба мейкиндигине чектөөлөрдүн уланып жатканы жана эл аралык каттамдар үчүн күйүүчү майдын жогорку баасы сыяктуу бир катар факторлордон улам киргизилди", - деп билдирди Air India.

Эксперттер Жакынкы Чыгыштагы кырдаал мунай импорттоочу өлкөлөргө олуттуу таасирин тийгизүүдө деп айтышууда.