Аида Жапарбай кызы мэриянын Турак жай-коммуналдык чарба департаментин жетектейт — Кабар

Аида Жапарбай кызы мэриянын Турак жай-коммуналдык чарба департаментин жетектейт

Кадрлар жана дайындоолор 20 февраль 2025 10:35
Аида Жапарбай кызы мэриянын Турак жай-коммуналдык чарба департаментин жетектейт
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Аида Жапарбай кызы Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директору болуп дайындалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка борбор калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Дайындоо КР президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2 "Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө" жарлыгына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кесипкөй кадрларды жана күчтүү жаштарды тартууга багытталган мамлекеттик кадр саясатынын алкагында жүргүзүлдү.