Африканын түштүгүндө суу ташкынынан улам 100дөн ашык адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 19 Январь 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-01-19 at 08.36.01.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Африканын түштүгүндө суу ташкынынан улам 100дөн ашык адам каза болду. Бул тууралуу Интерфакс Associated Press агенттигинин маалыматына таянып жазды.

Анда белгиленгендей, Мозамбик эң көп жабыркады, суу ташкындары 200 миңден ашык адамга таасирин тийгизди. Миңдеген үйлөр талкаланды, он миңдеген адамдар эвакуацияланууда. Өткөн жылдын аягынан бери Мозамбикте 103 адам каза болду. Суу ташкынынан 70 миң гектардан ашык айыл чарба жерлери жабыркады.

Түштүк Африкада кеминде 30 адам каза тапты. Зимбабведе кеминде 70 адам көз жумду.

Ошондой эле Мадагаскар, Малави жана Замбия дагы кырсыктан жабыркады.