Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Конго жана Угандада сейрек кездешүүчү Эбола штаммы жайылып, 88 адамдын өмүрүн алды. Ал эми илдетти жуктурган 330дан ашык учур катталды. Бул тууралуу Казинформ жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, оорунун айынан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2-деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, чыныгы учурлардын саны көп болушу мүмкүн деп эскертти.
Итури провинциясынын бийлиги 15-майда Эбола вирусунун жайылышы тууралуу кабарлаган. Коңшулаш Угандада да Эболанын Бундибугйо штаммын жуктурган бир киши каза болгон.
Конгонун саламаттык сактоо министри Самуэль Роже Камба бул вируска каршы вакцина же атайын дарылоо жок экенин белгиледи.
Учурдагы эпидемия Конгодо 17-ирет катталды. Мурунку эпидемия 2025-жылдын август айында болгон, анда 34 адам каза тапкан. Өлкөдөгү эң ири эпидемия 2018-жылдан 2020-жылга чейин созулуп, анда болжол менен 2300 өлүм катталган. Акыркы 50 жылда Африкада бул оорудан жалпысынан 15 миңге жакын адам көз жумган.