Афганистанда сууктан улам 60тан ашуун адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 26 Январь 2026 09:00
1.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Афганистанда акыркы үч күндө катуу жааган кар жана нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 60тан ашуун адам каза болду.

АЗЕРТАДЖ Финляндиянын Yle басылмасына шилтеме берүү менен кабарлагандай, дагы жүздөн ашык киши ар кандай жаракаттарды алган.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук башкармалыктын маалыматына ылайык, катаал аба ырайынан улам 460ка жакын турак үй жарым-жартылай же толугу менен кыйраган. Эң чоң чыгым өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактарында катталды.

Бул маалыматтар алдын ала берилгендиктен, мекеме табигый кырсыктын кесепеттерин баалоону улантууда. Бийлик өкүлдөрү калкты кар баскан жолдордо зарылчылык болбосо сапарга чыкпоого чакырды. Провинция бийлигинин билдирүүсүндө, өлкөнүн эң маанилүү транспорттук жолдорунун бири болгон Саланг трассасы толугу менен жабылганы айтылат.

Афганистандын Kabul Now басылмасынын маалыматы боюнча, бейшемби күнү кечинде Саланг ашуусунда кар көчкү жүрүп, андан эки адам каза болуп, 12 киши жаракат алган. Мындан тышкары, өлкөнүн ар кайсы аймактарында жер көчкү жана сел жүргөнү катталган.