Адылбек Касымалиев Кытай элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды

Министрлер кабинети Загрузка... 20 Июнь 2025 08:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.06.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды.

Анда төрага Кытай Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, өз ара сыйлашуу, ишеним жана коңшулаштык принциптеринде өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин кытай тараптын эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даярдыгын ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, соода-экономикалык байланыштарды жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерине көңүл бурушту.

Тараптар ошондой эле Астана шаарында өткөн "Борбор Азия – Кытай" саммитинин алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунда маанилүү макулдашууларга жетишилгенин белгилеп, соңунда жогорку деңгээлдеги саясий диалогду улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.