Бишкек, 02.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда Кыргызстандын жети облусун тааныткан этно-боз үйлөр уюштурулду. Ар бир боз үйдө меймандар аймактардын маданияты, каада-салты, тарыхы жана өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жети облустун боз үйлөрүн кыдырды.
Мейманды ар бир региондун боз үйүндө салттуу ырлар жана музыкалык чыгармалар менен тосуп алышты. Облустардын өкүлдөрү аны улуттук каада-салттар, кол өнөрчүлүк, турмуш-тиричилик буюмдары, улуттук тамак-аштар жана аймактардын маданий мурастары менен тааныштырышты.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө. 31-августта борбор калаадагы “Бишкек Аренада” оюндардын ачылыш аземи болуп өткөн. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өтмөкчү. Мелдешке дүйнөнүн 109 өлкөсүнөн 3 миңден ашык спортчу катышууда.