Аденов: Көчмөндөр оюндары этноспортту дүйнөлүк деңгээлге чыгарууда

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 18:55
Аденов: Көчмөндөр оюндары этноспортту дүйнөлүк деңгээлге чыгарууда
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызыгуу жылдан-жылга өсүп, катышкан мамлекеттердин саны 82ден 109га чейин көбөйдү. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өткөн мурунку Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 82 мамлекет катышса, акыркы оюндарда 89 мамлекеттин өкүлдөрү келген. Ал эми быйылкы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 мамлекеттен спортчулар катышууда.

“Сегиз жылдан берки динамикага карасак, катышуучу мамлекеттердин саны 82ден 109га чейин өстү. Бул долбоорго болгон кызыгуунун күчөп жатканын көрсөтөт”, — деп белгиледи Аденов.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө элдердин өз маданиятына, улуттук баалуулуктарына жана тарыхына кайрылуусу күчөп, этноспорт да ушул тенденциянын негизинде өнүгүп жатат.

“Олимпиадалык жана массалык спорт түрлөрү менен катар этноспорт да дүйнөлүк деңгээлге чыгып баратат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — этноспорттун башын бириктирген, Кыргызстандан чыккан ири эл аралык долбоор”, — деди ал.

Уюштуруучулардын билдиришинче, оюндардын келечеги кең. Кийинки оюндарда ар бир мамлекеттен кеминде 50-100 спортчунун катышуусун камсыз кылуу максаты коюлууда.

Бул үчүн катышуучу өлкөлөрдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өкүлчүлүктөрү түзүлүп жатат. Учурда 60тан ашык өлкөдө өнөктөштөр менен келишим түзүлүп, аларга оюндун расмий өкүлү деген макам берилгенин катчылыктын жетекчиси маалымдады.

“Өкүлчүлүктөрдүн негизги милдети — өз өлкөсүндө Көчмөндөр оюндарын жайылтуу, спортчуларды тандоо жана даярдоо, ошондой эле кийинки оюндарга кеңири курамдагы делегацияны алып келүүгө шарт түзүү”,-деди Аденов.

Мындан тышкары, уюштуруучулар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи коомчулук тарабынан жогору бааланганын кошумчаланды.