Бишкек. 22.04.26 /Кабар/. Адамзат коому табигый процесстерге тең ата таасир эткен өз алдынча геологиялык күчкө айланды. Мындай жыйынтыкка АКШдагы Мэриленд университетинин география жана экологиялык системалар боюнча профессору Эрл Эллис келгенин, Известия маалымдайт.
Окумуштуунун айтымында, адамзат от жагууну өздөштүргөн тарта бүгүнкү глобалдык жеткирүү тармактарына чейин табиятты өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүн тынымсыз кеңейтип келген. Өнөр жай, айыл чарбасы, дүйнөлүк соода жана тез урбанизация адамдардын жашоо сапатын жана өмүр узактыгын жогорулатканы менен, климаттын өзгөрүшүнө, айлана-чөйрөнүн булганышына жана көптөгөн түрлөрдүн жоголушуна алып келди.
Ошол эле учурда Эллис азыркы антропоцен доорун - бир гана каатчылык катары карай берүү туура эмес экендигин белгилейт. Анын пикиринде, адамзат планетаны өзгөртө алган мүмкүнчүлүктөрүн тескерисинче, аны жакшыртууга да багыттай алат. Тарыхта адамдар кеңири кызматташуу аркылуу эң татаал көйгөйлөрдү да чече алган.
Окумуштуу табигый илимдерге гана таянуу жетишсиз экенин белгилеп, коомдук жана маданий факторлордун ролуна өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, коомдук институттар, жалпы баалуулуктар жана биргелешкен чечим кабыл алуу системалары адамзаттын жашап калуусун жана өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусун камсыздап келген.
“Бардык тирүү жандыктардын ортосундагы байланышты жана жалпы эволюциялык келип чыгышыбызды кайра карап чыгуу - бул алдыга карай жолдун башаты”,-деген ал.