Ачык кабинет: "Жашыл энергетика фондунун" директорунун бир иш күнү

Коом
Снимок экрана 2026-11-05 121711.png
54295288681434_6OpAN74.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54295288681434_FJ4FzFX.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54295288681434_y0zSOkl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
photo_2026-11-04_12-34-26.jpg
photo_2026-11-04_16-23-28.jpg
photo_2026-11-04_16-23-29.jpg
photo_2026-11-04_16-23-29.jpg
Алдыга
Артка
Снимок экрана 2026-11-05 121711.png
54295288681434_6OpAN74.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54295288681434_FJ4FzFX.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54295288681434_y0zSOkl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
photo_2026-11-04_12-34-26.jpg
photo_2026-11-04_16-23-28.jpg
photo_2026-11-04_16-23-29.jpg
photo_2026-11-04_16-23-29.jpg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда жашыл энергетиканы өнүктүрүү, жаңы чакан ГЭСтерди куруу жана электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу багытында кандай иштер жүрүп жатат? Бул суроолорго жооп алуу максатында “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында журналисттер “Жашыл энергетика фондунун” директору Эмилбек Орозбаевдин бир күндүк ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач таң эрте “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаевдин “Ачык кабинет" долбоорунун алкагындагы иш күнүн “Биринчи радиодо” маек берүүдөн башталды.

Андан соң, фонддун директору убактылуу кеңсесинде алгач жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, андан кийин фонддун кызматкерлерине чакан жыйын өткөрдү. Жолугушууда журналисттерге фонддун ишмердүүлүгү, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуудагы кайра жаралуучу энергия булактарынын орду, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана инвесторлор менен жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 50гө жакын чакан гидроэлектр станциясынын курулушу активдүү жүрүп, 30га жакыны пайдаланууга берилген.

“Жыл аягына чейин дагы 3 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда. Бүгүнкү күндө чакан ГЭСтер өлкөнүн жалпы энергосистемасына 150 МВт электр кубаттуулугун берип жатат. Бирок, учурда ички тартыштык 4 млрд кВт/саатка жакындап, анын орду коңшу мамлекеттерден импорттолгон электр энергиясы менен толукталууда. Жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизип жатабыз. Бирок экономиканын өсүү темпине жана жыл сайын ачылып жаткан өнөр жай объекттеринин санына жараша электр энергиясына болгон муктаждыкты толук камсыз кылуу азырынча кыйын болууда”, — деди Орозбаев.

Мындан тышкары, фонддун директору кайра жаралуучу энергия булактарына инвестиция тартуу үчүн түзүлгөн шарттарга токтолду. Маалымдалгандай, чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер тилкелери 15 жылга чейин, ал эми күн жана шамал электр станцияларын куруу үчүн 25 жылга чейин ижарага берилет.

Биринчи барган объектиси - президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен капиталдык оңдоодон өтүп жаткан фонддун имараты болду. Фонддун борбор калаадагы Эркиндик бульвары, 56 дарегинде жайгашкан кеңсесин оңдоо иштери быйылкы жылдын июль айынын аягында башталган. Курулуш иштерин жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

"Биз потенциалдуу инвесторлор менен иштейбиз, алардын көбү чет өлкөдөн келишет. Чынын айтканда, оңдоо иштерине чейин имарат талаптагыдай, өзгөчө ишеним жараткандай абалда эмес эле. Ошондуктан президенттибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кеңсебизде капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, имараттын оңдоо иштери аяктагандан кийин чатырына күн панелдерин орнотуу пландалууда.

“Биз “Жашыл энергетика фонду” катары “жашыл” энергетикага өтүүнү өзүбүздөн баштап, бул багытты үлгү катары көрсөтүшүбүз керек. Ошондуктан имаратыбыздын чатырына күн панелдерин орнотуу планыбыз бар”, — деп белгиледи фонддун директору.

Иш графигине ылайык, кийинки объект - Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Туюк” чакан ГЭСи болду. Иш сапардын бул бөлүгүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакан ГЭСтин курулушу, техникалык мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялык көлөмү жана электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу менен жеринде таанышты.

“Туюк” чакан ГЭСи “Чүй-Рус-Гидро” ЖЧКсы тарабынан курулган. Станциянын курулушу 2025-жылдын башында башталып, быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий пайдаланууга берилген. Жалпы кубаттуулугу 7,5 МВтты түзгөн ГЭС жылына 29 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 7 млн доллар инвестиция жумшалган.

Жеринде фонддун директору Эмилбек Орозбаев “Кабар” агенттигине маек берип, станциянын өзгөчөлүгү, экинчи каскадын куруу планы жана инвесторлорго мамлекет тарабынан түзүлгөн шарттар тууралуу айтып берди.

Фонддун директору чакан ГЭСтерди өнүктүрүүдө экологиялык талаптарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай станциялар суунун табигый агымына жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбеши керектигин айтты.

Жыйынтыктап айтсак, “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагындагы иш күнүндө журналисттер “Жашыл энергетика фондунун” күнүмдүк ишмердүүлүгү, мекеменин шарттарын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иштер, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча пландар жана инвесторлор менен кызматташуу механизмдери тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле ишке кирген “Туюк” чакан ГЭСинин иши менен жеринен таанышып, анын өлкөнүн энергетикалык системасына кошкон салымын көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.