Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Бүгүн “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү көрсөтүлөт.
Долбоор мамлекеттик органдардын ишин коомчулукка ачык көрсөтүүгө багытталган. Анын алкагында жетекчилер маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барып, мекеменин ишмердүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан реформалар, учурдагы көйгөйлөр жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат беришет. Ошондой эле жетекчинин иш күнү жана мекеменин күнүмдүк иши чагылдырылат.
Иш-чаранын жүрүшүндө жарандык авиация тармагындагы учурдагы абал, учуулардын коопсуздугун камсыздоо, аэропортторду өнүктүрүү, эл аралык каттамдарды кеңейтүү жана тармактын келечектеги пландары тууралуу маалымат берилмекчи.