Исаматова Инновациялык жана Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борборлорунда болду

Коом Загрузка... 30 Июнь 2026 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында журналисттер менен бирге Инновациялык борборго барды.

Аталган борбор 1967-жылдан бери иштеп келет. Бүгүнкү күндөгү заманбап Инновациялык борбор 2021-жылы ачылып, өлкөнүн инновациялык экосистемасын өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүп келет.

Учурда борбордун курамында көп функционалдуу жыйындар залы, коворкинг борбору, FabLab өндүрүш лабораториясы, YouthLab балдар лабораториясы жана электрондук китепкана иш алып барууда.

Борбордун ишмердүүлүгү үч негизги бөлүм аркылуу жүзөгө ашырылат:

  • Укуктук камсыздоо жана инновацияларды өнүктүрүү бөлүмү;
  • FabLab жана маалыматтык технологиялар бөлүмү;
  • Китепканалык тейлөө жана инновацияларды колдоо бөлүмү.

Министрдин айтымында, Патенттик кызматтын алдындагы китепкана студенттик ишкердик экосистемасынын маанилүү борборуна айланууда. Ал студенттик стартаптарды колдоо жана акселерациялоо, 65 миңге жакын санариптештирилген илимий-техникалык, патенттик жана изилдөө материалдарына, анын ичинде диссертацияларга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу багыттарына таянат.

Исаматова бул ресурстардын практикалык баалуулугу айрым патенттердин өндүрүшкө жана ар кыл тармактардагы практикага ийгиликтүү киргизилиши менен тастыкталып жатканын белгиледи. Ошондой эле форумдар, сынактар жана акселерациялык программалар аркылуу жаштардын демилгелери колдоого алынып, жаңы идеялардын жаралышына жагымдуу шарт түзүлүүдө.

"Биздин негизги максат ушул мүмкүнчүлүктөрдү туруктуу иштеген система катары өнүктүрүү. Башкача айтканда, "илимий изилдөө, стартап, өндүрүшкө жана практикага киргизүү" деген чынжырды үзгүлтүксүз иштеткен экосистеманы калыптандыруу зарыл. Ошондо гана бул аянтча жөн гана иш-чараларды өткөрүүчү жай эмес, өлкөнүн инновациялык өнүгүүсүнө реалдуу салым кошкон натыйжалуу борборго айланат", — деди министр.

Андан сырткары, Исаматова Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган мекеме чет өлкөлүк жарандарды жогорку окуу жайларына кабыл алуу процессин координациялоочу жана жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик оператор болуп саналат.

Белгилей кетсек, "Ачык кабинет" долбоору мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты — жетекчилердин иш күнүн эртең мененден кечке чейин коомчулукка жасалмасыз көрсөтүү.