Бишкек, 30.06.26 /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматованын бир күндүк иш күнү “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Министрди эртең мененден кечке чейин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү коштоп жүрүштү.
Министр иш күнүн “Биринчи радиого” маек берүүдөн баштап, андан соң илимий мекемелерди жана жогорку окуу жайларды кыдырды. Күндүн соңунда министрликтеги иш ордунда жыйынтыктоочу иштерин жүргүздү.
Гүлзат Исаматованын айтымында, анын күнү адатта кичүү кызын бала бакчага жеткирүүдөн башталат. Андан кийин саат 08:00дө жумушка келип, күн тартибин карап чыгып, алдыдагы жолугушууларга жана иш-чараларга даярданат.
Министр күн сайын жарандардан жана мекемелерден түшкөн каттарга жооп берип, тиешелүү документтерге кол коюп, жыйындарды өткөрөрүн белгиледи.
“Мен үчүн бул кыйын эмес. Командам менен биргеликте алдыбызга коюлган бардык тапшырмаларды сапаттуу аткарууга аракет кылабыз”, - деди министр.
Анын айтымында, учурда министрлик жогорку билим берүү тармагында бир катар маанилүү реформаларды ишке ашырууда.
“Азыр жогорку билим берүүнүн жаңы концепциясын жана 2030-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясын кабыл алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары, 2011-жылдан бери өзгөртүлбөй келген даярдоо багыттарынын тизмеси толугу менен жаңыланууда. Бул иштер ЮНЕСКОнун Билим берүүнүн эл аралык стандарттык классификациясына ылайык жүргүзүлүүдө.
Буга чейин адистерди даярдоонун жана кайра даярдоонун 280ге жакын багыты болсо, азыр алар ирилештирилип, бириктирилүүдө. Натыйжада алардын саны 146га чейин кыскарды. Ошол эле учурда инженерия, жасалма интеллект, учкучсуз аппараттарды иштеп чыгуу жана чогултуу, каржы технологиялары, виртуалдык активдер, блокчейн, агроинженерия жана технологиялар, индустриалдык инженерия, курулуш сектору, урбанистика, жарандык курулуш, билим берүү жана STEM багыттары боюнча жаңы адистиктердин тизмеси да жаңыланып жатат”, - деди ведомство башчысы.
Соңунда Гүлзат Исаматованын “Ачык кабинет” жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагындагы иш күнү “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” программасына маек берүү менен аяктады.
Белгилей кетсек, аталган медиадолбоор мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты – мамлекеттик жетекчилердин иш күнүн жасалмалуулуксуз, эртең мененден кечке чейин коомчулукка көрсөтүү.