Илим министри Корнелл университетине өткөн абитуриент менен жолугушту

Коом Загрузка... 30 Июнь 2026 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматованын “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында жана журналисттердин коштоосундагы иш күнү уланууда.

Бир катар жогорку окуу жайларын жана илимий борборлорду кыдыргандан кийин министр кызмат ордуна келип, абитуриенттерди кабыл алды. Ал бүгүн АКШдагы Корнелл университетине 100 пайыздык грант менен кабыл алынып, жалпы суммасы 425 миң долларды түзгөн билим берүү грантын жеңип алган Алихан Абдыкаимов жана анын ата-энеси менен жолукту.

Министр Алиханды чоң жетишкендиги менен куттуктап, алдыдагы окуусуна ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ага ыраазычылык катын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагын белекке тапшырды.

“Алихан кабыл алынган окуу жай дүйнөдөгү эң алдыңкы жана абройлуу университеттердин бири. Жаштарга ата-энеси сапаттуу тарбия, туура багыт жана билим берсе, мамлекет алардын дараметин өнүктүрүүгө шарт түзсө, алар сөзсүз Кыргызстандын келечегине татыктуу салым кошот деп ишенем”, - деди министр.