Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында министрликтин кызматкерлери жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.
Жыйынга айрым катышуучулар аралыктан видео байланыш аркылуу да кошулушту.
Жыйында жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына студенттерди кабыл алуу процесси, министрликтеги санариптештирүү багытындагы иштердин жүрүшү, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган илимий конференцияга даярдыктар, ошондой эле интеллектуалдык менчик системасынын учурдагы абалы жана аны өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында иш күнү өтүүдө. Министрди ЖМК өкүлдөрү коштоп жүрөт.
“Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты — жетекчилердин иш күнүн жасалмалуулуксуз, эртең мененден кечке чейин коомчулукка көрсөтүү.