Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине барды.
Министр жана аны коштоп жүргөн журналисттерге аталган жогорку окуу жайдын адистери жана студенттери тарабынан иштелип чыккан жасалма интеллектке негизделген Кыргызстанды автоматташтырылган инженердик платформа тааныштырылды. Анда университет жөнүндөгү бардык маалыматтар камтылган. Ошондой эле алдыда өлкөдөгү жалпы ЖОЖдордун маалыматтары камтылган базаны түзүү пландалууда.
Андан сырткары, университетте жасалып жаткан учкучсуз учуучу аппараттардын прототиптери жана дрондор тааныштырылды. Алар учурда айыл чарбасында жана картография иштеринде пайдаланылып жатканы белгилүү болду.
Министр анда практикага багытталган окутууну күчөтүү, студенттердин долбоорлорун коммерциялаштыруу жана университетте жасалма интеллектке негизделген санариптик чечимдерди өнүктүрүү маанилүү экенин айтты.
“Университетте практикага багытталган окутууну өнүктүрүү боюнча маанилүү кадамдар жасалууда. Айыл чарба жана геодезия тармактары үчүн “Учур” бренди алдында учкучсуз учуучу аппараттардын прототиптерин жана дрондорду иштеп чыгуу – бул студенттердин билимин реалдуу өндүрүшкө байланыштыра турган флагмандык долбоорлордун бири. Бул демилге студенттерге өз иштеп чыгууларын коммерциялаштырууга, акселератордук программалар аркылуу стартаптарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындай ыкма теория менен практиканы айкалыштырып, билим берүүнү экономика менен түз байланыштырган моделди калыптандырат. Биздин максат – студенттер окуу учурунда эле практикалык тажрыйба алып, өз эмгеги аркылуу киреше таба алуусуна шарт түзүү.
Ошондой эле университетте абитуриенттер үчүн жасалма интеллектке негизделген санариптик агенттер сыяктуу чечимдер киргизилип жатат. Бул өз кезегинде университеттин атаандаштык артыкчылыгын күчөтүп, аны заманбап инновациялык билим берүү борборуна айлантат”, - деди министр.
Белгилей кетсек, “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты — жетекчилердин иш күнүн жасалмалуулуксуз, эртең мененден кечке чейин коомчулукка көрсөтүү.