Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда иш күнүн баштады.
Анын алкагында министр Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтуна барды.
Институт айлана-чөйрөнүн абалын изилдеп, жаратылышты коргоого көмөк көрсөтөт. Ошондой эле өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана микроорганизмдердин генетикалык ресурстарын сактап, генетикалык банк түзүп келет. Мындан тышкары, айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ооруларына каршы вакциналарды жана биологиялык коргоо каражаттарын иштеп чыгат.
“Өлкө үчүн бул институттун орду абдан чоң. Климаттын өзгөрүшү флора менен фаунага өзгөчө таасирин тийгизип жатканы жалпыга маалым. Эндемика же жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдүн гендерин сактап калуу жана банкын түзүү, андан сырткары жаныбарлардын жана микроорганизмдердин генетикалык ресурстарын сактоо, аларды көзөмөлдөп туруу мына ушул институттун колунда”,-деп белгиледи министр.
Буга чейин министр “Биринчи радиого” маек берип келген. Алдыда ал ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда борбор калаадагы бир катар жогорку окуу жайларга барып, жыйындарды өткөрөт.
Белгилей кетсек, “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын чагылдырууга багытталган. Долбоордун негизги максаты — жетекчилердин иш күнүн жасалмалуулуксуз, эртең мененден кечке чейин коомчулукка көрсөтүү.