Акунбеков “Флекфи” асыл тукум мал чарбасына барып, эмдөө иштеринен кабар алды

Аймак Загрузка... 21 Май 2026 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында Чүй облусундагы объектилерди кыдырууну улантып, “Флекфи” асыл тукум чарбасына барды.

Министрге аталган жерде эмдөө иштери тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле министрди коштоп жүргөн ЖМК өкүлдөрүнө жеринде “Флекфи” мал чарбасынын уйларына вакцина саюу менен эмдөө процесси көрсөтүлдү.

Эрлист Акунбековдун айтымында, мал ылаңынын 2-3 түрү кездешүүдө.

"Биз ошол штамды лабораториядан аныктап алып, анан буйрутма бердик. 14-майда вакцина өлкөгө алынып келинди. Учурда эмдөө иштери жүрүп жатат. Ветеринарларга жайлоодогу малдарды кошо эмдөө тапшырмасы берилди.
Негизи өлкөдөгү малдарга жаз жана кыш мезгилдеринин келиши менен жылына эки жолу вакцина сайылып турат”,-деди министр.

Ошондой эле ал “Флекфи” сыяктуу мал чарбалары жакшы үлгү болуп жатканын белгиледи.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шараповдун айтымында, чарбада Симментал тукумундагы уйлар багылат.

“Чарбада 100го жакын баш уй бар. Сүтүнүн майлуулугу жогору болуп саналат. “Бишкексүт” сүттү кайра иштетүү компаниясына өткөрүлөт. Бир күндө 2 миң тоннага жакын сүт саалат”,-деди ал.

Белгилей кетсек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында жыйындарды өткөрүп, ЖМК өкүлдөрү коштоосунда Чүй облусуна жумушчу сапары менен барды.