Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков күн тартибиндеги жыйындардан кийин жумушчу сапарына чыгып, Чүйдөгү “Осмон” каналынын оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берүү аземине катышты.

Анда министр каналды ачып жатып, ирригация тармагында жасалып жаткан иштерге токтолду.
“Сугат сууга болгон муктаждык Борбор Азия өлкөлөрүндө кылымдар бою болуп келген. Бүгүнкү күндө дагы дыйкан-фермерлердин орчундуу маселеси катары саналат. Мындан улам өлкө жетекчилиги да ирригация тармагына ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келет. Жыл сайын бул системаны оңдоого жана жакшыртууга каражаттар бөлүнүүдө. Мисалы, 2021-жылы 520 млн, 2025-жылы 1 млрд 442 млн бөлүнгөн. Ал эми быйылкы жылы 10 млрд 350 млн сом каралып, 1 млрд 600 млн сом өздөштүрүлдү. 300дөн ашык атайын техника жана кызматтык унаалар берилди.

Акыркы беш жылдын ичинде жалпы 2700 чакырым канал, 4263 гидротехникалык курулма, 140 агрегаттык насосторду оңдоо жана алмаштыруу иштери жүрдү. 8,65 млн куб метрди түзгөн БТР жана БСРдин курулушу бүттү. 21555 гектар сугат жерлерин суу менен камсыздоо жогорулады.

Ал эми “Осмон” каналы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды. Каналдын 37 чакырым бетон каптоосу жаңыртылды. 23 гидротехникалык курулма оңдоп-түзөөдөн өттү. 19 гидропост, 86 суу бөлүп чыгаргычтар, 10 түтүк өтмөгү оңдолуп, 4 өтмө көпүрө курулду. 17 автоматташтырылган суу бөлүүчү система ишке берилди. Жыйынтыгында 5862 гектар сугат жерди суу менен камсыздоо жогорулады. Мындан 572ге жакын дыйкан-фермерлер пайдалана алат”,-деп белгиледи Акунбеков.

Белгилей кетсек, Бурана, Биримдик айыл өкмөттөрүнө тиешелүү болгон “Осмон” каналы 1937-жылы пайдаланууга берилген магистралдык каналы бүгүнкү күндө 4 миң гектардан ашык айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылып келет.
Эскерте кетсек, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында жыйындарды өткөрүп, ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда Чүй облусуна иш сапары менен чыкты. Ал алдыда бир катар объектилерге барат.