Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынын Капитал рыногун көзөмөлдөө башкармалыгы 2-3-март күндөрү фондулук биржалардын иши токтотулгандыгын билдирди, — деп кабарлайт Kazinform.
"БАЭнин капитал рынокторун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу функцияларын аткаруунун алкагында, колдонуудагы мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга ылайык, БАЭнин Капитал рыногу боюнча башкармалыгы 2-3-март күндөрү эмираттык рыноктордун — Абу-Даби фондулук биржасынын жана Дубай каржы биржасынын жабылгандыгын жарыялайт", — деп айтылат Эмираттардын жаңылыктар агенттигинин билдирүүсүндө.