Наталия Аринбасарова Кыргызстандагы өнүгүүлөрдү жогору баалады

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 11:44
Наталия Аринбасарова Кыргызстандагы өнүгүүлөрдү жогору баалады
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жылдары көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, өлкө өнүгүп жатканын Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн өткөн пресс-конференцияда советтик жана россиялык театр жана кино актрисасы Наталия Аринбасарова билдирди.

Ал өз сөзүндө Кыргызстанга дээрлик 10 жылдан кийин кайра келгенин белгилеп, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө суктануусун жашырган жок.

“Кыргызстанга кайра келгениме абдан кубанычтамын. Азыр бул жерде болуп, өлкөдө кандай укмуштуудай өзгөрүүлөр болгонун өз көзүм менен көрүп жатам. Биз жолдо бара жатып, абдан соонун, мелтиреген жолдорду көрдүк. Көптөгөн жаңы нерселер курулуптур. Адамдардын маанайында да өзгөрүүлөр байкалат”, — деди ал.

Аринбасарова ошондой эле Бишкекте өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин жогорку деңгээлде уюштурулганына токтолду.

“Мен Москвада бир жума бою Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын баарын жаңылыктардан көрүп турдум. Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин өтүшүнө абдан таасирлендим. Андан кийин саммит өттү. Президент Садыр Жапаровдун конокторду кабыл алып жатканын көрдүм. Анын өзүн кандай алып жүргөнү, кандай жарашыктуу жана салмактуу экени көңүлүмдү бурду. Мен “мына, жакшы мааниде айтканда, өз жеринин чыныгы ээси” деп ойлодум. Анын жетекчилиги алдында Кыргызстан мындан ары да өнүгүп, гүлдөйт деп ишенем”, — деди актриса.

Наталия Аринбасарова өлкөнүн өнүгүүсү менен катар жаштардын улуттук каада-салттарга жана маданий мураска болгон кызыгуусу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

“Мен азыр жаштардын улуттук салттарга, каада-салттарга болгон кызыгуусун көрүп жатам. Бул абдан маанилүү. Мурасты ата-бабалардан алып гана тим болбостон, аны кийинки муунга өткөрүп берүү зарыл. Мына ушунда салттардын улануусу жана жашоого жөндөмдүүлүгү жатат”, — деди ал.

Актриса бул ойду Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Биринчи мугалим” тасмасындагы каада-салт тууралуу айтылган эпизод менен байланыштырып, салт, маданият жана үй-бүлөлүк баалуулуктар элди бириктирерин белгиледи.

Белгилей кетсек, Наталия Аринбасарова — советтик жана россиялык театр жана кино актрисасы, РСФСРдин жана Казакстандын эмгек сиңирген артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Биринчи мугалим” тасмасындагы башкы ролу үчүн Венеция кинофестивалында “Эң мыкты аялдын ролу” номинациясында Вольпи кубогуна татыган.