8 айда Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү дээрлик $600 млн жетти

Борбор Азия Загрузка... 24 Сентябрь 2025 10:35
WhatsApp Image 2025-09-24 at 10.27.44.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 24.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 597 млн долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети кабарлады.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч 530 млн доллар болгон.

Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү быйыл 51,4 млрд долларга жетип, бир жыл ичинде 19,8%га өстү.

Учурда Өзбекстан дүйнөнүн 200гө жакын мамлекети менен соода жүргүзүп келет. Алардын ичинен эң ири өнөктөшү Кытай болуп, үлүшү 18,9%ды түздү. Андан кийин Россия (16,1%), Казакстан (5,9%), Түркия (3,7%) жана Корея Республикасы (2,2%) орун алды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын июль айындагы Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында тараптар 2030-жылга чейин өз ара сооданы 2 млрд долларга жеткирүү боюнча макулдашкан.