Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Япония туристтик агымдын өсүшүнө байланыштуу чек арада чет элдик жарандар үчүн милдеттүү түрдө жеке текшерүүнү алып салууну карап жатат. Бул тууралуу Kyodo агенттигине шилтеме берип, Kazinform жазды.
Маалыматка караганда, бул кадам чек арадан өтүүнү тездетип, аэропорттордогу жүктөмдү азайтат. Япониянын иммиграция кызматы жеке текшерүүлөр саякат алдында Японияга кирүүгө уруксат берүүчү электрондук система (JESTA) аркылуу чогултулган маалыматтар менен алмаштырыларын билдирди. Бул системаны 2028-жылы ишке киргизүү пландалууда.
JESTA системасына ылайык, туристтер саякатка чыгардан мурун онлайн форманы толтуруп, сапарынын максатын көрсөтүшү керек. Текшерүүдөн кийин иммиграция органдары өлкөгө кирүүгө уруксат берүү же кирүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алышат.
Жаңы система Японияга кыска мөөнөттүү визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү болот. Учурда бул категорияга 74 өлкө кирет.
2025-жылы Японияга 42,7 млн чет элдик турист келген. 2030-жылга чейин бул көрсөткүч 60 миллионго чейин көбөйөт деп күтүлүүдө.