600 млн сомдук баңгизат алынды. УКМК эл аралык баңги каналына бөгөт койду

Укук тартиби Загрузка... 02 Июль 2025 11:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек 02.07.25 /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан эл аралык героин каналы жабылып, 600 млн сомдук 175 кг баңгизат алынды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу Европа өлкөлөрүнө оор "героин" баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында жалпы салмагы 174 кг 800 гр "героин" баңги каражаты табылып алынган.

Башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте эл аралык баңги каналынын уюштуруучулары жана аткаруучулары кармалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, алынган баңгизаттын баасы Кыргызстандын аймагында 130 млн сомдун тегерегинде, Европа өлкөлөрүндө 600 млн сомдун тегерегинде болушу мүмкүн.