Ош шаарында 100 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 7 октябрь 2026 09:30
Ош шаарында 100 орундуу бала бакча ачылды

Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Ош шаарында 100 балага ылайыкташкан “Урпак” мектепке чейинки билим берүү уюму ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бала бакчада 2 жаштан 5 жашка чейинки балдар тарбияланат.

Анын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, тарбиячылар жана ата-энелер катышты.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпысынан бир күндө эки бала бакча пайдаланууга берилди.