Акыркы 5 жылда электр энергиясын керектөө 4 млрд кВт/с өстү

Коом Загрузка... 24 Январь 2026 09:44
WhatsApp Image 2026-01-24 at 09.38.29.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. Өлкөдө беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 4 млрд кВт/саатка же 25%га өстү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин коллегиясында айтылды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы электр энергияны керектөө 15,4 млрд кВт/саат болсо, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүч 19,3 млрд кВт/саатты түздү.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин алдында калкты жана экономиканы үзгүлтүксүз электр жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле өлкөдөгү электр энергиянын тартыштыгын жоюу маселеси турганын белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.