Бишкек, 09.03.26 /Кабар/. Кыргызстандын беш жогорку окуу жайынын базасында изилдөө жана инновациялар борборлору түзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев билдирди.
Ал "Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" долбоорунун системалуу багыттары жөнүндө айтып жатып, университеттерде ачылып жаткан жаңы борборлорго токтолду.
"Долбоордун биринчи багыты — илим жана билим берүү программаларынын сапаты менен актуалдуулугун жогорулатуу. Ал ЖОЖдордун инфраструктурасын жана академиялык программаларын модернизациялоого багытталган. Анын алкагында өзгөчө макамга ээ болгон беш университеттин базасында изилдөө жана инновациялар борборлору түзүлүүдө", — деп белгиледи министрдин орун басары.
Борборлор түзүлө турган окуу жайлар:
- Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
- Ош мамлекеттик университети;
- И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
- И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
- К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.
Аталган борборлордо заманбап лабораториялар түзүлүп, билим берүүнүн жаңы программалары иштелип чыгат. Ошондой эле эл аралык кызматташтык кеңейтилип, санариптик технологиялар киргизилет жана өндүрүш менен түз байланыштар өнүктүрүлөт.
"Биз бул университеттерде өсүү чекиттерин түзүп жатабыз. Алар жаңы изилдөө маданиятын калыптандырып, биздин университеттердин эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат”,-деп белгиледи орун басар.