Газадагы кырдаалды турукташтырууга 5 өлкө аскерлерин жиберет

Дүйнө Загрузка... 20 Февраль 2026 08:50
2af9f547-9c97-406a-944d-fe44f30eb340.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Газадагы кырдаалды турукташтыруу үчүн 5 өлкө өз аскерлерин жиберет. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Газадагы Эл аралык турукташтыруу күчтөрүнүн жетекчиси жаңы түзүлгөн коопсуздук органына 5 өлкөнүн аскерлерин кошо турганын жарыялады.

Жаспер Жефферс Вашингтондогу Тынчтык кеңешинин биринчи жыйынында сүйлөп жатып, Индонезия, Марокко, Казакстан, Косово жана Албания аскерлерин кошо турганын, ал эми Египет менен Иордания полиция күчтөрүн окутаарын айтты.

Жефферс ошондой эле Индонезия аскер күчтөрүнүн жетекчисинин орун басары кызматын кабыл алганын белгиледи.

"Бул алгачкы кадамдар менен биз Газанын келечектеги гүлдөп-өнүгүшү жана узак мөөнөттүү тынчтыгы үчүн керектүү коопсуздукту камсыз кылууга жардам беребиз", - деди ал.