Францияда аномалдуу аптап: 44 градус ысыктан улам мектептер жабылды

Дүйнө 22 июнь 2026 10:30
Францияда аномалдуу аптап: 44 градус ысыктан улам мектептер жабылды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Францияда аба ырайынын температурасы айрым департаменттерде 44 градуска жетет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, ысыкка байланыштуу бир катар аймактардагы 845 мектеп жана колледжде окуу токтотулмай болду.

Дагы 1800 окуу мекемесинин графиги өзгөртүлөт, ошондуктан окуучулар түшкө маал, ысык башталганга чейин үйлөрүнө кайтып келе алышат.

Окуу процессин токтотуу биринчи кезекте аба ырайы боюнча "кызыл" эскертүүсү бар департаменттерге тиешелүү болот.