Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Шейшемби күнү япон иенинин долларга карата курсу 1986-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүчкө чейин төмөндөдү. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, акыркы 40 жылда биринчи жолу иендин баасы 1 доллар үчүн 162,41 иенге чейин алсырап, акыркы соодалашууда 162,23 деңгээлинде катталды.
Япониянын финансы министри Сацуки Катаяма бийлик каалаган учурда тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экенин ырастады. Үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде япон валютасы 2%га төмөндөшү күтүлүүдө, бул пайыздык чендердин ортосундагы чоң айырмачылыктан улам акыркы төрт жылдагы эң узакка созулган төмөндөө сериясы болуп калмакчы.
Эксперттер 2027-жылдын башында АКШ доллары 164 иенге чейин жетиши мүмкүн деп болжолдошууда.
Акыркы айларда Япония банкынын пайыздык чендерди көтөрүүсүнө жана 72,25 млрд долларлык интервенцияларына карабастан, иен алсыроосун улантууда. Буга АКШнын Федералдык резервдик системасы тарабынан үстүбүздөгү жылдын аягында пайыздык чендердин жогорулашы күтүлүп жатканы кошумча басым жасоодо. Трейдерлер сентябрь айына чейин чендердин жогорулоо ыктымалдыгын 61% деп баалашкан.