Алимент төлөбөсөң камаласың. Ноокенде 351 миң сом карызы бар ата камалды

Укук тартиби Загрузка... 06 Февраль 2026 11:07
11.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Ноокенде 351 миң сом алимент карызы бар жаран 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чара Сот аткаруучулар кызматы тарабынан көрүлдү.

Карызкор мыйзам талаптарына жана түшүндүрмөлөргө карабастан милдетин аткаруудан баш тарткан.

Ноокен райондук сотунун 2026-жылдын 30-январындагы токтому менен ал 1 айга камакка алынды.

Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөөдөн баш тартуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.