Жаш манасчылардын сынагы өтөт: Катышуучуларга талаптар

Маданият 7 октябрь 2026 10:10
Жаш манасчылардын сынагы өтөт: Катышуучуларга талаптар

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. 30 жашка чейинки жаш манасчылардын арасында республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак эки айлампа менен өтөт. Биринчи айлампа 12-октябрда саат 09:00дө Кыргыз улуттук “Манас” театрында өтүп, катышуучулар эркин темада 3-5 мүнөт “Манас” айтышат.

Экинчи айлампа 22-октябрда саат 09:00дө Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында өтүп, катышуучулар билет аркылуу туш келген темада 3-5 мүнөт “Манас” айтышат.

Жеңүүчүлөрдү 3-5 адистен турган калыстар тобу аныктайт. Упайлар тең болуп калган учурда катышуучуларга кошумча суроолор берилет.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелүү орундар жана белектер тапшырылып, сыйлоо аземи кароо-сынактын жыйынтыгында өткөрүлөт.

Иш-чара “Манас” театры тарабынан залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.