Абактан бошотуу үчүн 30 миң доллар: №27 түзөтүү мекемесинин жетекчиси кармалды

Укук тартиби 23 Февраль 2026 15:48
639694290_1310982387717426_5865062810115704593_n.jpg
640297499_1310982381050760_374585902612892217_n.jpg
641568887_1310982184384113_8425085862364129483_n.jpg
Алдыга
Артка
639694290_1310982387717426_5865062810115704593_n.jpg
640297499_1310982381050760_374585902612892217_n.jpg
641568887_1310982184384113_8425085862364129483_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. №27 түзөтүү мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1969-жылы туулган К.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринин биринин башчысына карата чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучунун билдирүүсү боюнча, 2025-жылдын декабрь айында «Алдамчылык» беренеси менен соттолгон адамды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин чечүү үчүн кызматкер андан 30 миң доллар акча алган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө №27 түзөтүү мекемесинин мурдагы башчысы, 1984-жылы туулган Т.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМ аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0709 843 307 же 102 номуруна чалып, маалымдоого чакырат.