Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Чечкиндүү чаралар көрүлбөсө, 2040-жылга чейин дүйнөдө 220 миллиондон ашык бала ашыкча салмактан жабыркашы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк семирүүгө каршы күрөшүү федерациясынын докладында айтылганын Kazinform агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 2025-жылга карата дүйнө жүзү боюнча болжол менен 180 млн бала семирүүдөн жабыркаары болжолдонгон. Бирок федерациянын жаңы маалыматтарына таянсак, 2040-жылга чейин 5 жаштан 19 жашка чейинки 227 миллионго жакын бала семирүүгө чалдыгышы мүмкүн, ал эми 500 миллиондон ашык балада ашыкча салмак катталышы ыктымал.
2026-жылга карата түзүлгөн Дүйнөлүк семирүү атласына ылайык, мектеп жашындагы кеминде 120 млн балада дене салмагынын индекси жогору болгондуктан, өнөкөт оорулардын алгачкы белгилери пайда болушу мүмкүн.