Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Түштүк Корея жаңы EMU-370 жогорку ылдамдыктагы поезд үчүн негизги технологияларды иштеп чыгууну аяктады, ал саатына 370 км ылдамдыкта жүрө алат. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги билдиргенин Известия кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Улуттук изилдөө жана иштеп чыгуу (R&D) программасынын алкагында иштелип чыккан EMU-370 поезддинин техникалык максималдуу ылдамдыгы 407 км/саат. Биринчи вагондорду өндүрүү кийинки жылы башталышы күтүлүүдө. Ал эми сыноо иштери 2030-жылга пландалууда. Коммерциялык эксплуатация 2031-жылдан кийин өтөт.
Коммерциялык кызматка киргенде EMU-370 дүйнөдөгү экинчи эң ылдам поезд болот. Ал 2027-жылы ишке киргизиле турган Кытайдын CR450 поездинен кийинки орунда турат. Салыштырмалуу Франция, Германия жана Япония сыяктуу өлкөлөрдөгү учурдагы жогорку ылдамдыктагы поезддер саатына болжол менен 320 км ылдамдыкка жетет.
Долбоор 2022-жылдан бери Корея темир жол изилдөө институтунун жетекчилиги астында ишке ашырылууда, ага жети мамлекеттик жана жеке менчик уюмдар да катышып жатат.