Былтыр Өзбекстанга дээрлик $19 млрд акча которулду

Борбор Азия Загрузка... 30 Январь 2026 12:35
d_29.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.01.26. /Кабар/. 2025-жылдын жыйынтыгында Өзбекстанга түшкөн акча которуулардын көлөмү 18,9 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 27,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкы маалымдады.

Белгиленгендей, 2025-жылы акча которуулардын көлөмү дээрлик бардык айларында өткөн жылга салыштырмалуу жогору болгон.

Акча которуулардын өсүшү негизинен тышкы факторлор менен байланыштуу. Атап айтканда, Өзбекстандын негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн валюталарынын бекемделиши, биринчи кезекте Россия рублинин курсунун жогорулашы, ошондой эле чет өлкөлөргө эмгек мигранттарынын агымынын көбөйүшү оң таасирин тийгизген.

Мындан сырткары, 2025-жылы калк тарабынан чет элдик валютаны сатуу менен сатып алуунун ортосундагы оң айырма $9,7 млрдга жетип, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйгөн.