Ташкент, 23.01.26. /Кабар/. Кыргызстан 2025-жылы Өзбекстан жарандары үчүн эң көп тандалган туристтик багыт болуп калды. Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылы бул өлкөгө 3,3 млн өзбекстандык турист келген. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылы Өзбекстандан чет өлкөгө туристтик максатта чыккан жарандардын жалпы саны 7,6 миллион адамды түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 1,4 миллион кишиге көп, же болбосо 22,2 пайызга өсүштү көрсөтөт.
Эң көп туристтик сапарлар адаттагыдай эле Борбор Азия өлкөлөрүнө туура келген. Алардын ичинен Кыргызстан алдыңкы орунда турат. Андан кийинки орундарда Казакстан жана Тажикстан жайгашкан — ар бирине 1,3 миллион сапар катталган.
Ошондой эле өзбекстандык жарандардын алыскы мамлекеттерге болгон кызыгуусу да жогорулаган. 2025-жылы Россияга 433,3 миң, Сауд Аравиясына 366,2 миң, Түркияга 268,9 миң, Бириккен Араб Эмираттарына 139,4 миң турист чыккан.
Өзбекстандыктар арасында диний туризмге болгон кызыгуу да байкалууда. Сауд Аравиясына болгон сапарлардын көбү ажылык жана умра зыяраттары менен байланышкан.
Жалпы жыйынтык боюнча, өзбекстандыктар көп барган өлкөлөрдүн ондугуна дагы Египет (65,4 миң сапар), Кытай (52,6 миң) жана Вьетнам (39,1 миң) кирген.