2025-жылы Кыргызстанда 15,4 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлдү

Коом Загрузка... 24 Январь 2026 10:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда 15,4 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин коллегиясында айтылды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы өлкөдө 15,3 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен күн жана шамал электр станцияларын куруу иштери жогорку деңгээлде жүрүүдө, бирок мындай станциялар аба ырайынан көз каранды. Ал үчүн эсептөөлөр, баланс жана резервдер алдын ала даяр болушу зарыл экендиги жыйында белгиленди.

Өлкөдө Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтери модернизацияланып, Бала-Саруу, Кара-Көл, Көк-Арт, Кайнама жана көптөгөн башка чакан ГЭСтер ишке берилди. Ошол эле учурда жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүүнүн темпи суроо-талаптын өсүшүнөн артта калып жатканы коллегияда айтылды.