2025-жылы глобалдык карыз рекорддук 348,3 трлн долларга жетти

Дүйнө Загрузка... 26 Февраль 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-02-26 at 08.54.00.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26 /Кабар/. Дүйнөлүк карыздын көлөмү 2025-жылы 29 триллион долларга көбөйүп, рекорддук 348,3 триллион долларга жетти. Бул тууралуу Institute of International Finance агенттигине таянып, Интерфакс билдирет.

Анда белгиленгендей, карызга мамлекеттердин, үй чарбаларынын, каржылык жана каржылык эмес компаниялардын милдеттенмелери кирет.

Анын өсүшү көбүнесе мамлекеттик (суверендүү) карыздардын көбөйүшүнө байланыштуу болуп, көлөмү 10 триллион доллардан ашты. Жалпы өсүштүн болжол менен төрттөн үч бөлүгү АКШ, Кытай жана Европа өлкөлөрүнө туура келет.

Белгиленгендей, дүйнөлүк карыздын көбөйүшү үй чарбалары же компаниялардан эмес, ири экономикалардагы туруктуу бюджет тартыштыгынан улам болууда.

Өткөн жылы карыздын ички дүң өнүмгө (ИДП) карата катышы 308%га чейин төмөндөгөн. Бул негизинен өнүккөн өлкөлөрдүн эсебинен болду. Ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч рекорддук 235%га жетти.

2025-жылдын аягында мамлекеттик карыз 106,7 триллион долларды түздү. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 96,3 триллион доллар болгон.

  • Каржылык эмес компаниялардын карызы - 100,6 трлн;
  • Үй чарбалары - 64,6 трлн;.
  • Өнүккөн рыноктордо - 231,7 трлнго чейин;
  • Өнүгүп келе жаткан рыноктордо - 116,6 трлн долларды түздү.

Анализде белгиленгендей, эгер бюджет тартыштыгы жогору бойдон калса жана компаниялар капиталдык чыгымдарын облигация чыгаруу аркылуу каржылоону улантса, 2026-жылы дүйнөлүк карыз дагы да өсүшү мүмкүн.

“Быйыл өнүгүп келе жаткан рыноктор 9 триллион доллардан ашык карызды кайра каржылоого тийиш. Бул тарыхтагы эң чоң көлөм болуп саналат. Ал эми өнүккөн рыноктордо облигациялар жана насыялар боюнча 20 триллион доллардан ашык төлөм күтүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.