2025-жылы дүйнөлүк аскердик чыгымдар 2,887 трлн долларга жетти

Дүйнө Загрузка... 27 Апрель 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-04-27 at 08.59.27.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.04.26 /Кабар/. 2025-жылы дүйнө жүзүндөгү коргонууга кеткен чыгымдар 2,887 трлн долларга чейин өстү. Бул тууралуу Тынчтык маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтунун жылдык баяндамасына таянып, Известия билдирди.

Маалыматка ылайык, аскердик чыгымдар катары менен 11-жыл өсүп, дүйнөлүк ички дүң продукцияга карата үлүшү 2,5%га жетти. Бул көрсөткүч 2009-жылдан берки эң жогорку деңгээл болуп саналат.

Отчетто белгиленгендей, эң көп каражат короткон өлкөлөрдүн үчтүгүнө АКШ, Кытай жана Россия кирди. Бул мамлекеттер жалпы 1,480 трлн доллар сарптап, дүйнөлүк чыгымдардын жарымынан көбүн түзгөн.

Ошол эле учурда АКШнын аскердик чыгымдары 2024-жылга салыштырмалуу 7,5%га азайганы айтылат. Ал эми Европадагы НАТОнун 29 мүчө өлкөсү 2025-жылы жалпысынан 559 млрд доллар короткон. Алардын ичинен Германиянын чыгымы 24%га өсүп, 114 млрд долларды түзсө, Испания 50%га көбөйтүп, 40,2 млрд долларга жеткирген.

Азия жана Океания аймактарында аскердик чыгымдар 681 млрд долларга жетип, былтыркыга салыштырмалуу 8,1%га өскөн. Бул аймакта экинчи орунда турган Кытай коргонуу тармагына 336 млрд доллар жумшап, негизинен армияны жаңылоого багыттаган.

Мындан тышкары, Bloomberg агенттиги Австралия 800 млн доллардан ашык каражатты бронетехника сатып алууга жана аскердик унааларды модернизациялоого жумшоону пландап жатканын жазган.