2025-жылы дүйнө жүзү боюнча 1,52 млрд турист саякаттады

Дүйнө Загрузка... 22 Январь 2026 08:55
d819b44f-6ac8-472b-a8ac-be5906bf57d3.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Дүйнө жүзү боюнча эл аралык туризм 2025-жылы 4%га өстү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Туризм уюмунун (БУУ) маалыматында айтылганын, Интерфакс жазды.

Анда белгиленгендей, 2025-жылы саякаттаган туристтердин саны 1,52 миллиардга жетти, бул 2024-жылга салыштырмалуу 4%га же 60 миллионго көп. Бул сандар COVID'ге чейинки өсүү тенденцияларына кайтып келгенин чагылдырат. 2009-жылдан 2019-жылга чейин эл аралык туризм жыл сайын 5%га өскөн. Бул натыйжа Азия жана Тынч океан аймагындагы туризмдин калыбына келишине, аба каттамдарынын кеңейишине жана виза режимдеринин жөнөкөйлөштүрүлүшүнө байланыштуу.

Ошондой эле маалыматта туризмдеги жогорку инфляцияга жана геосаясий чыңалууга карабастан, 2025-жыл бою саякатка болгон суроо-талап жогору бойдон калганы айтылат.

БУУнун Туризм уюму дүйнөлүк экономика туруктуу бойдон калса, эл аралык туризмдин өсүшү 2026-жылы да улана берет деп белгиледи.

Уюмдун маалыматы боюнча, Европа 2025-жылы 793 миллион туристти кабыл алган, бул 2024-жылга салыштырмалуу 4% жана 2019-жылга салыштырмалуу 6% көп. Ушундай эле көрсөткүч Азияда байкалган.