2025-жылы дүйнө жүзү боюнча 1,26 млрд даана смартфон сатылды

Дүйнө Загрузка... 16 Январь 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-01-16 at 08.41.03.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. 2025-жылы дүйнө жүзү боюнча 1,26 млрд даана смартфон сатылды. Бул тууралуу Эл аралык маалыматтар корпорациясынын (IDC) алдын ала эсептөөлөрүнө таянып, Интерфакс жазды.

Анда белгиленгендей, октябрь-декабрь айларында уюлдук телефон сатуу көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 2,3%га өсүп, 336,3 млн бирдикке жеткен.

Негизги өсүш премиум класстагы өндүрүүчүлөр Apple Inc. (6,3%) жана Samsung (7,9%) болуп, алар алдыңкы бештиктин арасында эң жогорку өсүү темпин көрсөтүштү.

Apple үчүнчү жыл катары менен лидерлигин сактап, iPhone 17 сериясынын ийгилигинин аркасында Кытайда рекорддук жеткирүүлөргө жана күчтүү калыбына келүүгө жетишкени айтылды.

Apple жана Samsung'дун жалпы рыноктук үлүшү мурунку жылдагы 37%дан эки пайызга өсүп, 39% түздү.