2025-жылы Алматыга келген туристтердин саны көбөйгөн

Борбор Азия 11 февраль 2026 14:24
2025-жылы Алматыга келген туристтердин саны көбөйгөн

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. 2025-жылы Казакстандын Алматы шаарына туристтердин агымы көбөйгөн. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.

Маалыматка караганда, жылдын алгачкы 9 айында шаарга дээрлик 1,87 млн адам келген, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га көп. Алардын ичинен 563 миңден ашыгы чет элдик туристтер, ал эми дагы 1,3 миллиону ички саякатчылар болгон.

Шаардын туризм башкармалыгынын маалыматы боюнча, тармакка инвестиция салуу да 39,4%га өсүп, 198,8 млрд теңгеге жеткен. Жеке инвестициялар Алматыда мейманкана жана курорттук жайларды камтыган 48 жаңы туристтик объект ачууга мүмкүндүк берди.

Bloomberg'дин маалыматына ылайык, Алматы шаары былтыр Борбор Азиядагы эң тез өнүгүп жаткан 10 туристтик багыттын катарына кирген, ал эми CNN жана The Telegraph мегаполисти аймактын негизги туристтик борборлорунун бири деп атаган.