2024-жылы кошумча бала бакчаларга дээрлик 26 миң бара баштаган

Коом 28 Март 2025 09:29
7063f752-9a5e-481f-9445-c9979664bbad.jpeg
53624c3b-ffd3-47e0-a132-22a1fde2d87e.jpeg
Алдыга
Артка
7063f752-9a5e-481f-9445-c9979664bbad.jpeg
53624c3b-ffd3-47e0-a132-22a1fde2d87e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек 28.03.25 /Кабар/. 2024-жылы уктоочу бөлмөлөрдү өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында бала бакчаларга кошумча 25645 бала бара баштаган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматта уктоочу бөлмөлөрү өзгөртүлүп түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны - 537, кошумча ачылган тайпалардын саны - 985, иш менен камсыз болгон адамдардын саны - 2131 болгону айтылат.

2024-жылы Кыргызстанда бала бакчага барган балдардын саны жалпы балдардын 44,3 пайызын түзгөн. Бул көрсөткүч бир жыл ичинде 28,3 пайыздан 44,3 пайызга өскөнүн министрлик билдирген.

Төмөндө аймактар боюнча маалыматтар графика түрүндө берилди: