200 миң доллар опузалаган. Жогорку Кеңештин мурдагы кызматкери кармалды

Укук тартиби Загрузка... 13 Октябрь 2025 12:09
WhatsApp Image 2025-10-13 at 11.50.45 (1).jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары 200 миң доллар опузалоо фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматы тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында КР жарандары К.Б.Ш. (КР ЖК Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары) жана А.Т.Н. тарабынан 200 миң доллар алуу фактысы аныкталды.

Аталган жарандар алдын ала макулдашуу боюнча бизнес өкүлдөрүнүн биринин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң АКШ долларын алышкан. Алар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен тыгыз байланышы бар экенин айтшкан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган К.Б.Ш. жана А.Т.Н. кармалып, атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.