Аймактарда өткүн өтөт: 20-августка карата аба ырайы

Коом 20 август 2026 10:25
Аймактарда өткүн өтөт: 20-августка карата аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 20-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Талас облусунда +29...+34, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +24...+29 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +34...+36 градуска жетет.