Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 14-мартка карата валюталар курсу боюнча жаңыланган маалыматты жарыялады.
Ага ылайык, доллар туруктуу, рубль, юань, теңге арзандады.
Алсак:
доллар (USD) — 87,44 сом;
евро (EUR) — 95,09 сом;
рубль (RUB) — 1 сом;
теңге (KZT): — 0,17 тыйын;
юань (CNY) — 12,07 сомду түзүүдө.
Коммерциялык банктарда доллар 87,30 сомдон сатып алынып, 87,80 сомдон сатылууда, ал эми рубль орточо 99,03 тыйындан сатып алынып, 1,03 сомдон сатылууда.