12 жылдык билим берүүгө өтүү жаштардын дүйнөлүк эмгек рыногунда өз ордун табышына өбөлгө түзөт - министр

Билим Загрузка... 26 Февраль 2025 13:22
WhatsApp Image 2025-02-26 at 10.10.42.jpeg
copyright icon Кабар Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. 12 жылдык билим берүү программасына өтүү жаштардын дүйнөлүк эмгек рыногунда өз ордун табышына өбөлгө түзөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Билим берүү тармагына биргелешип сереп салуу программасы” жыйынында билдирди.

Анын айтымында, БУУнун курамындагы 150дөн ашуун өлкө учурда 12 жылдык билим берүү программасы менен иш алып барууда.

“Эгерде мурда биз чектелген гана өлкөлөргө чыга алсак бүгүн биздин жаштарга бүткүл дүйнө ачылды. Биздин миллионго жакын жаштарыбыз тышкы эмгек рыногундо эмгектенип жүрүшөт.

Биздин 11 жылдык аттестат дүйнөлүк рынокто кабыл алынбай жатат. Тагыраагы, биздин билим берүү программабыз дүйнөлүк билим берүү стандарттарына шайкеш келбейт. Бала чет өлкөдө кара жумуш менен эле чектелбеши керек. Дүйнөлүк атагы алыска чыккан компанияларда иштөөсү керек. Ал үчүн балага багытталбаган билим берүү программасынан арылышыбыз керек”,-деди ал.

Министр белгилегендей, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн негизги максаты баланы так жана туура адистикке даярдаган саясатты жүргүзүү.

“Учурдагы билим берүү мазмунун ичинде өтө кайталанма жадатма, балдарга жаттама болгон маалыматтардан арылуу керек. 11 жылдык билимин бала жашоодо пайдалана албай жатат. Бир эле мисал, 1-класстан 11-класска чейин орус тилин окутабыз. Бирок жыйынтыгында ошол бала орусча сүйлөй албай жатат. Ушундай эле жагдай кыргыз тили менен да кездешет. Учурдагы мектеп китептери жазуучунун көз карашы менен жазылып калган. Бул китептерден арылып, заман талабына ылайык окуу китептери иштелип чыгышы керек. 12 жылдыкты толук кандуу киргизгенде, жогорку окуу мөөнөттөрү кыскарат, кайталанма окуу программалары алынат. Так жана туура адистикке даярдаган саясатты жүргүзөбүз. Билим берүү стандарттарына ылайык адамдын өзүнүн ден соолугуна кам көрүү, өзүнүн сапаттуу жашашына шарт түзүүчү адистик китептерге багыт алдык. Ооба, туура бул программанын жемиши бир жыл да берилбейт. Адам капиталын даярдоодо түпкү тамырын тазалап, жумшартып түшүм алууга бүгүн кадам таштап жатабыз”,-деди министр.