Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. 2015-жылдан 2025-жылга чейин дүйнө жүзүндөгү токойлордун аянты 40 млн гектардан ашык жерге азайган. Бул тууралуу БУУнун жаңы баяндамасында айтылат.
Баяндама БУУнун 2017-2030-жылдарга карата Токойлор боюнча стратегиялык планын аткаруунун негизинде даярдалган. Анда дүйнөлүк токой ресурстарынын 51 пайызын ээлеген 48 өлкөнүн маалыматтары талдоого алынган.
БУУнун эксперттери токойлордун жок болушуна жерди пайдалануунун өзгөрүшү, климаттык кескин өзгөрүүлөр, өрттөр, зыянкечтер жана мыйзамсыз кыюулар себеп болуп жатканын белгилешет. Ошондой эле тармакты каржылоонун жетишсиздиги чоң кедергисин тийгизүүдө.
Дүйнөлүк токойлордун 54 пайызы беш өлкөгө туура келет: Россия (20%), Бразилия (12%), Канада (9%), АКШ (7%) жана Кытай (5%).
Токойлорду коргоо аймактары кеңейип, калыбына келтирүү программалары иштеп жатат. Мисалы, Россия 2018-2021-жылдары 1,7 млн гектар токойду калыбына келтирген.
БУУнун токойлор боюнча форумунун катчылыгынын директору Жюльетт Биао туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө 5 жылга жетпеген убакыт калганын эскертип, саясий эрк жана жаңы каржылоо механизмдери зарыл экенин баса белгиледи.
"Токойлорго инвестиция салуу – бул туруктуу экономикага жана келечек муундун бакубаттуулугуна салынган инвестиция", – деди БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Бьерг Сандкьер.