Акыркы 10 жылда Ысык-Көлдүн суусу 47 сантиметрге төмөндөгөн – Акунбеков

Коом 21 Май 2026 14:30
ysyk_kol_12.jpg
WhatsApp Image 2026-05-21 at 13.51.36.jpeg
Алдыга
Артка
ysyk_kol_12.jpg
WhatsApp Image 2026-05-21 at 13.51.36.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. 10 жыл ичинде Ысык-Көлдүн деңгээли орточо эсеп менен 47 сантиметрге төмөндөгөн. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдүн суусунун деңгээли жыл мезгилдерине жараша өзгөрүп турат.

“Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматына ылайык, акыркы 10 жыл ичинде Ысык-Көлдүн деңгээли орточо эсеп менен 47 сантиметрге төмөндөгөн. Бул билинбегени менен чоң эле айырма. Буга байланыштуу бизде ишке ашырылып жаткан долбоорлор бар. Алардын бир бөлүгү — Ысык-Көлдүн айланасында тамчылатып сугаруу системасын киргизүү. Ошондо дарыялар жана башка суулар толугу менен көлгө куя турган болот. Андан сырткары, пансионаттардан, унаа жуучу жайлардан чыккан сууларды кайрадан иштете турган долбоорлорду иштеп чыгып жатабыз”, - деди Акунбеков.